Ишкер аялдардын 40% жогорку атаандаштыкты көйгөй деп эсептешет

08.03.2023, 13:25 Акчабар
Ишкер аялдардын 40% жогорку атаандаштыкты көйгөй деп эсептешет

Борбор Азия, Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Европа жана Кавказда аялдардын ишкердүүлүгү тууралуу изилдөө жүргүзүлгөн. Анда бул аймактагы лидер аялдар санариптик маркетингге жана социалдык медианы колдонуу көндүмдөрүн жогорулаткылары келери аныкталган. Бул изилдөөнү “Visa” жана “Emerging Europe” уюму She's Next өнөктүгүнүн алкагында жүргүзгөн. 

Маалыматка ылайык, изилдөө 11 өлкөдө 2000 аял бизнес ээлери же өз алдынча иштеген аялдардын онлайн сурамжылоосун камтыйт. Анын ичинде Кыргызстанда 75 тереңдетилген интервью жана фокус-группаларда иштөө жүргүзүлгөн. Изилдөөдө аялдар карьерасында туш болгон кыйынчылыктар жана көйгөйлөр талданган. 

Жыйынтыгында аялдар бизнесин эл аралык масштабда кеңейтүүнү каалашары аныкталган. Ишкер айымдар бизнести өнүктүрүүдө санариптик технологиялар маанилүү деп эсептешет. 

Аялдардын бизнес баштоосуна эң негизги себептер; көбүрөөк акча табуу (50%), каржылык көз карандысыздык (31%) жана кыялын орундатуу (21%) болгон. 

Мындан тышкары, бизнесте аялдарды кооптундурган жагдайлар бизнеси жүрбөй калуу (30%), каржылык абалдын начарлоосу (27%), үй-бүлөсүнө жана балдарына азыраак убакыт бөлүү (25%) болгон. 

Ал эми ишкердүүлүктү жүргүзүүдө аялдар үчүн эң чоң көйгөй жогорку атаандаштык болсо (40%), андан кийин каржылоо алуу (32%), бизнести жүргүзүүгө жагымсыз шарт (31%) болгон.

Буга кошумча, изилдөөгө катышкан аялдардын 42% кардарларына акчаны накталай, 37% карта менен, 29% банк аркылуу төлөөрү аныкталган. 42% аял бизнес ээлери акчаны карта менен төлөөнү артыкчылыктуу деп белгилеген. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу