Ишкердик субъектилерге 5,4 миллиард сомго 6623 насыя берилген

03.12.2020, 16:45 Акчабар
Ишкердик субъектилерге 5,4 миллиард сомго 6623 насыя берилген

«Ишкердик субъекттерин каржылоо Программасынын» алкагында ишкердик субъектилерине 5,4 миллиард сомго 6623 насыя берилген. Бул тууралуу өкмөттүн м.а. Артем Новиков Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

 

«Бюджеттик мүмкүнчүлүктөрдүн чектелгендигин эске алып, сиздерден коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартында ата мекендик ишкерлерге тийиштүү колдоо көрсөтө турган ушул өкмөттүк Программаны ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырам», - деди Новиков.

Жыйында БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Артем Новиков өз кезегинде өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнө конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирди жана ошондой эле өкмөт колдоо долбоорлорун ишке ашыруу боюнча бардык маселелерди тездетүүгө даяр экендигин билдирди.

Тэги: Артем Новиков жыйын экономика Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу