2,5 айда ишкерлер тарабынан 1 млн ашуун электрондук эсеп-фактура тапшырылган

18.09.2020, 13:10 Акчабар
2,5 айда ишкерлер тарабынан 1 млн ашуун электрондук эсеп-фактура тапшырылган

Ишкерлер 2020-жылдын 1-июлунан тартып 18-сентябрына чейин 127 млрд 241,2 млн сом суммада 1 млн 71 миң электрондук эсеп-фактураны тариздешти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда система ишке киргизилгенден баштап электрондук эсеп-фактураны 9 миң 911 ишкер пайдаланууда.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-июлунан тартып кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонууга өтүшкөн.

Электрондук эсеп-фактура кагаз жүзүндөгү документке салыштырмалуу бир катар артыкчылыктарга ээ. Алсак, системада иштөө криптографиялык коргоо каражаттарын пайдалануу менен корголгон каналдар аркылуу ишке ашырылып, ал күнү-түнү иштейт жана жетишээрлик жөнөкөй жана түшүнүктүү интерфейске ээ. Электрондук документ эсеп-фактураны түзүүдө жол берилген каталардын санын азайтат, андан тышкары, эгер адресат «Электрондук эсеп-фактура» системасын пайдаланып жаткан болсо, бул системадан чыкпастан контрагентке эсепти тез жеткирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

«СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу жана «Санарип Кыргызстан» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында электрондук эсеп-фактурадан тышкары, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар ишке киргизилди. Ошондой эле программалык ККМ-онлайн, товарларды маркалоо жана башка долбоорлорду ишке киргизүү боюнча тийиштүү иш-чалар жургүзүлүп жатат.

Тэги: салык кызматы эсеп-фактура импорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу