Ишкерлер бир жуманын ичинде 11 миңден ашуун электрондук эсеп-фактураны тариздешти

09.07.2020, 12:20 Акчабар
Ишкерлер бир жуманын ичинде 11 миңден ашуун электрондук эсеп-фактураны тариздешти

Бир жуманын ичинде ишкерлер белгиленген тартипте электрондук кол тамганы колдонуу менен 11 миң 927 электрондук эсеп-фактураны тариздешти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда бул мезгилде «Электрондук эсеп-фактура» маалыматтык системасына 5 миң 71 ишкер катталган.

Электрондук эсеп-фактураны колдонуу – салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун жана «Санарип Кыргызстан» санариптик өнүгүү концепциясын ишке ашыруунун алкагында 2020-жылдын 1-июлунан тартып өлкөнүн аймагында киргизилген жаңы жол-жобо. Электрондук эсеп-фактуранын негизги артыкчылыктарынын бири ишкерлердин канцелярдык жана почта чыгымдарын азайтуу мүмкүнчүлүгү менен документ жүгүртүү ыкчамдыгын жогорулатууда, салык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүдө турат.

Бардык КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү пайдаланууга өтүүлөрү керек. Мурда ыйгарылган эсеп-фактуралардын серияларын жана номерлерин ушул жылдын 25-августуна чейинки мөөнөттө салыктык катталган жери боюнча салык органдарынан жараксыз деп табууга болот.

Электрондук эсеп-фактураларды колдонууну баштоо үчүн www.esf.salyk.kg порталына кирип, маалыматтык системага катталууга электрондук кол тамгасы коюлган онлайн арыз берүү зарыл. Андан кийин электрондук эсеп-фактураларды пайдаланууга болот. Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтындагы “Электрондук эсеп-фактура» бөлүмүндө ЭЭФ пайдалануу эрежеси, пакеттик жүктөмөлөрдүн форматы, көпчүлүк учурда берилүүчү суроолорго жооптор жайгаштырылган.

Тэги: ишкер бир жума эсеп-фактура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу