Мамлекеттик кепилдиктер боюнча ишкерлер 3,03 млрд сомго насыя алышты

13.11.2020, 17:20 Акчабар
Мамлекеттик кепилдиктер боюнча ишкерлер 3,03 млрд сомго насыя алышты

Ушул жылдын 12-ноябрына карата «Кепилдик фонду»ишкерлерге 765,5 миллион сом суммага 1,4 миң кепилдик берди. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалды.

Бул кепилдиктер үчүн ишкерлер жалпы суммасы 3,03 миллиард сом насыя алышкан.

Жакында эле фонд ишкерлердин кой, бодо мал жана жылкы багууга, азык-түлүк, кондитердик азыктарды өндүрүүгө, нан заводуна чийки зат сатып алууга, тоокторго, жүгүртүү каражаттарын толтурууга жана насыяларды кайра каржылоого багытталган долбоорлорду колдогон.

Кепилдиктер курулуш материалдары, автоунаа тетиктери, тиричилик буюмдары, самын жана жуугуч каражаттар, текстиль, эл керектөөчү товарлардын соодасы жана коммерциялык кыймылсыз мүлк сатып алуу чөйрөсүндө берилген. Кепилдик фонду түзүлгөндөн бери, тактап айтканда 2016-жылдан тарта 2,44 миллиард сом суммасында 3 миң кепилдик бергендигин кошумчалайбыз.

Тэги: кепилдик ишкерлер насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу