Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 21 тез жардам унаасы алынды

27.01.2021, 13:45 Акчабар
Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 21 тез жардам унаасы алынды

Бишкектин Эски аянтында бүгүн, 27-январда Ислам өнүктүрүү банкынын  эсебинен сатылып алынган «Соболь» үлгүсүндөгү 21 тез жардам унаасын тапшыруу аземи болду.

 

Бөлүштүрүү планына ылайык, Баткен облусундагы саламаттык сактоо мекемелерине - 9, Чүй облусундагы медициналык мекемелерге - 6, Талас облусуна - 2 тез жардам унаасы, Нарын облусуна - 3 жана Жалал-Абад облусуна бир тез жардам унаасы берилет.

 

Эске сала кетсек, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 66 тез жардам унаасы тапшырылган. Буга чейин 9 автоунаа Ысык-Көл облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына тапшырылса, 26 унаа Ош облусуна, ал эми Жалал-Абад облусуна 10 тез жардам унаасы берилген.

Тэги: Ислам өнүктүрүү банкы тез жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу