Трамптын кызы Дүйнөлүк банкты башкаруудан баш тарты

18.04.2019, 15:04 Акчабар
Трамптын кызы Дүйнөлүк банкты  башкаруудан баш тарты

  АКШ  Президенти  Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп Дүйнөлүк банкты башкаруудан баш тарты. Ал атасы сунуштаган кызмат кызыктырбаганын айты. Бул тууралуу BBC билдирди.

Өткөн аптада Трамп Atlantic басылмасына билдирип, Дүйнөлүк банктагы эң жогорку кызматы ээлесийсиңби деп  кызына сунуштап, аны «санакта мыкты адис» деп сыпаттаган.

 Иванка Трамп өз сөзүндө учурдагы ээлоеген кызматына канаттанарын билдирген. Ал Ак үйдө  кеңешчи. 

 Кот-д'Ивуарга болгон иш сапарында ал кызматты сунуштоо «суроо форматында болгон»,-деп билдирип, баш тартканын кошумчалады.  Иванка Трамптын айтымында  учурдагы Дүйнөлүк банктын 13-президенти Дэвид Малпасс өз милдетин так аткарып жатканын белгилеп кетти. , 

Атаңыз дагы кандай кызматтарды сунуштап жатат деген журналисттердин суроосуна: «Ал биздин ортобузда эле калсын», -деп кутулуп кетти.

Ошол эле маалда  Дональд Трамп өткөн жумада кызына бир нече кызматты сунуштоону жарыя кылып, алтургай кызына БУУ элчилигин сунуштап, кызым нукра дипломат деп мактай салган. Бирок, аны бул чечимден баш тартуусун сунуштаган. 

«Муну эми непотизм деши мүмкүн, бирок бул эч кандай непотизмге тиешеси жок», — деп билдирди АКШ лидери.

Непотизм-( лат. тилинен nepos, род. п. nepotis «небере; таяке-жээн»), кумовство́ (кум) —  фаворитизма, өз туугандарына [1] же досторуна[2][3] алардын жөндөмүнө  карабай артыкчылык берүү дегенди түшүндурөт. Ток этер жери-ага-тууганына артыкчылык берүү деген түшүнүк. 

Тэги: Иванка Трамп Всемирный банк США Дональд Трамп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу