Казакстандын чек арачылары 3 миллион сомдон ашык күмүш аткезчилигин токтотту. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматынын сайтында жазылды.
Жүк 21-августта "Ак-Тилек" автоунаа өткөрүү пунктунан табылган. Мерседес-Бенцтин салонун текшергенде чек арачылар креслонун астынан күмүш буюмдар жашырылган, полиэтилен баштыктарга оролгон буюмду табышкан. Брикеттердин жалпы салмагы 50 кг 516 граммды түзгөн.
Продукциянын болжолдуу сметалык баасы 3 миллион 169 миң сом деп бааланууда.