Кыргызстандан медициналык препараттарды алып кетүүгө аракет кылгандар кармалды

09.07.2020, 17:15 Акчабар
Кыргызстандан медициналык препараттарды алып кетүүгө аракет кылгандар кармалды

Чүй облусунун Жайыл жана Панфилов райондорундагы Финполдун кызматкерлери Мамлекеттик чек ара кызматынын чек ара патрулдук бөлүмү жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери менен биргеликте «Чалдовар-жол» өткөрмө бекетинде вируска каршы дары-дармектер салынган 980 коюлган унааны кармашкан. Бул тууралуу Финансы полициясынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, рулда казакстандык жаран болгон. 

Унааны текшерүү учурунда, вируска каршы Эуфиллин (520 пачка) жана Левомакс (460 пачка) дарыларга карата тиешелүү документ жок болуп чыккан. 

 

 

«Учурда унаа атайын токтотуучу жайга киргизилди. Бул факты Кылмыштар жана укук бузуулардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды», — деп жазылат маалыматта. 

 

 

Тэги: Финпол контрабанда лекарства

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу