Жакында тышкы карызды терең реструктуризациялоо жаатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт

29.05.2020, 17:30 Акчабар
Жакында тышкы карызды терең реструктуризациялоо жаатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт

Карызды реструктуризациялоо Өкмөт белгилүү бир долбоорду жүзөгө ашырып, аны каржылап, өзүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүп берүүсү дегенди түшүндүрөт. Ал эми тышкы карызды берген өнөктөш өлкө карыздарын кечет. Мунун баары тиешелүү келишим менен даярдалат.

 

Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков кечээ болуп өткөн «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аттуу видеоконференция форматындагы эл аралык форум жөнүндө комментарийинде билдирди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Эске салсак, форумда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков учурдагы түзүлгөн кырдаалда өлкөлөргө БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууну колдоого байланыштуу үч этаптан турган сунуштарын билдирген.

 

Данияр Сыдыков Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жакын арада бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды даярдап, өз көз караштарын билдирип, тышкы карызды терең реструктуризациялоо жаатында өлкө өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөр өткөрүлөт деген ишенимин билдирди.

 

«Мындай тажрыйба дүйнөдө бар жана жетиштүү деңгээлде реалдуу», — деп жыйынтыктады Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Тэги: Тышкы карыз реструктуризация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу