Жакынкы күндөрү Кыргызстанга 2 миңге жакын жарандын келүүсү күтүлүүдө

15.05.2020, 11:20 Акчабар
Жакынкы күндөрү Кыргызстанга 2 миңге жакын жарандын келүүсү күтүлүүдө

Бүгүн, 15-майда өкмөт үйүндө өткөн брифингдин жүрүшүндө саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жакынкы күндөрү Кыргызстанга 2 миңге жакын жарандын келүүсү күтүлүп жаткандыгын маалымдады.

 

«Бүгүн биз чартердик каттамдарды күтүп алабыз. Бир нече күндүн ичинде өлкөгө эки миңге жакын мекендешибиздин келүүсү күтүлүүдө. Алардын баары обсервацияга жаткырылып, дыкат медициналык текшерүүдөн өтөт. Эгерде анализдин жыйынтыгы терс чыкса, анда биз аларды үй карантинине коё беребиз жана медициналык жактан көзөмөл жүргүзүп турабыз», - дейт ал.

Кыргызстанда бүгүн, 15-майда СOVID-19 инфекциясынын жаңы 29 учур аныкталып, жалпы өлкө боюнча 1 миң 111 адамга коронавирус жукту. Алардын ичинен 248и медицина кызматкерлери. 745 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды, ал эми он төрт адам каза болду.

Тэги: Кыргызстан жаран кыргызстандык чартердик рейс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу