Мамлекеттик салык кызматкерлери, Финансы полициясынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен облусунун Кадамжай районунда жана Жалал-Абад облусунда алкоголдук продукцияларды ар түрдүү ат менен, эч кандай лицензия жок, сатып жаткандарды аныкташты.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы соода түйүнүндө 2 миң 973 даана арак, Кадамжай районунда 561 даана арак издөө иштеринде табылган.
Азыркы учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.