Жалал-Абад облусуна 1 миң 723 тонна гуманитардык жардам бөлүнгөн

14.04.2020, 15:00 Акчабар
Жалал-Абад облусуна 1 миң 723 тонна гуманитардык жардам бөлүнгөн

Мамлекет тарабынан Жалал-Абад облусуна 1 миң 723 тонна гуманитардык жардам бөлүнгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Түз эфирде ага Майлуу-Суу шаарынын тургуну суроо берип, мүмкүнчүлүгү чектелген уулу менен турарын, жалгыз бой эне экенин айтып, аларга жардам болобу деп кайрылды.

«Мамлекет тарабынан Жалал-Абад облусуна 1 миң 723 тонна гуманитардык жардам берилген. Анын 2 миң тоннасы Майлуу-Суу шаарына берилди. Ал жардам колунда жок адамдар үчүн бөлүнгөн. Андан тышкары жергиликтүү бюджеттен да жардам каралышы керек. Бул маселени карап, эгер Майлуу-Сууда жардамга муктаждар көп болсо облустук деңгээлде көмөк кылууга аракет кылабыз», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Тэги: Жалал-Абад гуманитардык жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу