Жалал-Абад: 2019-жылга салыштырмалуу бюджетке 411 млн сомдон көп каражат чогултулду

04.05.2020, 14:40 Акчабар
Жалал-Абад: 2019-жылга салыштырмалуу бюджетке 411 млн сомдон көп каражат чогултулду

Жалал-Абад облусунда быйыл 4 айда былтыркыга караганда бюджетке 411 млн сомго көбүрөөк каражат чогултулду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Анын айтымында, быйыл 4 айда бюджетке 1 млрд 617 миң сом каражат чогултуу пландалган.

«Аны облус 103%га аткарды же 1 млрд 673 млн сом акча чогултулду. Ал эми былтыркы жылдын 4 айына караганда өсүш 128%ды түздү. Башкача айтканда биз былтыркы жылдын 4 айына салыштырмалуу 411 млн сомду көбүрөөк чогулду», - деди ал.

Тэги: Жалал-Абад 2019-жыл көп киреше бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу