Жалал-Абадда бир катар ишкерлер сыйланды

18.09.2020, 17:30 Акчабар
Жалал-Абадда бир катар ишкерлер сыйланды

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев ишкерлерди сыйлады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы эртеңки ишкерлер күнү менен калаадагы жеке ишкерлерди куттуктады. Аны менен бирге пандемия учурунда элге жакындан жардам берип, кыйын кырдаалда кол сунгандарга ыраазычылыгын билдирди.

Тагаев «Келечек» ААКна, Курманбек баатыр балдар лицейине, «Ордо» курулуш компаниясына, «НУР Телеком» ЖЧКнын - О! уюлдук компаниясынын аймактык бөлүмүнө, «Санжыра» этно комплексине, «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКна, «Финка банк» ЖАКна, Жалал-Абад ЖИАга мэриянын Ардак грамотасын, сыйлоо баракчаларын тапшырды.

Тэги: Жалла-Абад ишкер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу