«Жалалабатэлектродо» темир бетон буюмдарын жасоочу цех иштей баштады

19.05.2020, 16:00 Акчабар
«Жалалабатэлектродо» темир бетон буюмдарын жасоочу цех иштей баштады

Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айтмамат Назаров «Жалалабатэлектро» ачык акционердик коомунун базасында курулган Темир бетон буюмдарын жасоо цехинин иши менен таанышып чыкты.

 

Компания темир-бетон мамыларын сатып алууда бир топ кыйынчылыктарга дуушар болуп келген. Тендердик сынактын негизинде уткан жеткирүүчүлөрдүн продукцияларынын сапатынын начар болгондугунан тендерлер бузулуп, ага кошумча, уткан жеткирүүчүлөр мамычаларын убагында жеткирип бере албай, кабыл алган план-тапшырмалардын аткарылышын тобокелге салган учурлар көп болгон. Ушундай абалдан чыгуу үчүн, компанияда мамычаларды өндүрүү чечими кабыл алынган.

 

Цехте орнотулган бетон даярдоо орнотмосу 2018-жылы Россия Федерациясынын «Завод металлоформ» ЖЧК ишканасынан алынып келинген.

Орнотмонун өндүрүмдүүлүгү саатына 15-20 метр куб даяр бетон чыгарганга мүмкүнчүлүк берет. Алдын ала эсептөөлөр боюнча жылына 4 миңден ашык мамыча чыгарып же болбосо «Жалалабатэлектро» ААКу быйылкы жылга алмаштырууга пландаштырган 3178 даана көлөмдөн 1000 даана ашыкча өндүрүүнү пландоодо.

Эми рентабелдүүлүгүнө токтолсок, бул кезге чейин компания бир даана электр мамычаны 6 500 сомдун тегерегинде сатып алып жаткан болсо, жаңы ачылган цехте 4754 сомдон чыгарылып, ар бир электр мамычадан 1745 сом үнөмдөлөт. Демек жылына 5,4 млн сом акча каражаты үнөмдөлүп, цех өзүн өзү 2,5 жылда актайт.

Жогоруда көрсөткөндөй, өзүбүз чыгарган мамычалардын наркы учурда сатып алып жаткан мамычалардан 25-30 % дын тегерегинде арзан болот. Эң башкысы, биз өндүрө турган мамычалар заводдордо жасалган жабдууларда бардык тиешелүү технологиялар менен жасалгандыгына байланыштуу сапаттуу болуп, стандарттардын бардык талаптарына жооп берет.

Учурда цехтеги 2 даана калыптын жардамы менен бир нөөмөттө күнүнө10-15 даана мамы куюуга болот. Ал эми бетон даярдоо орнотмосунун өндүрүмдүүлүгүн кененирээк пайдаланып, мамычаларды көбүрөөк чыгаруу максатында, кийинки жылдары кошумча калыптарды сатып алып орнотууну компания пландаштырууда.

Тэги: Жалалабатэлектро темир бетон цех

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу