Жаңы жылга карата троллейбустар жаңы багыт боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт

31.12.2019, 13:24 Акчабар
Жаңы жылга карата троллейбустар жаңы багыт боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт

Бүгүн, 31-декабрда Жаңы жылга карата 8 троллейбустук каттам жүргүнчүлөрдү жаңы багыт боюнча ташыйт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кечки саат 22:00дөн баштап троллейбустар «Ала-Тоо» аянтына барып, жүргүнчүлөрдү төмөнкү даректер боюнча ташыйт:

№2 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – Аламедин-1;

№4 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – Булгаары заводу (Кожзавод);

№7 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – Тунгуч кичи району;

№8 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – "Ак-Өргө" конушу;

№10 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – Асанбай кичи району;

№14 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – Жал кичи району;

№14 троллейбус «Ала-Тоо» аянтынан – Киркомстром кичирайону;

№17 троллейбус «Ала-Тоо»  аянтынан – Асанбай кичи району, Карл Маркс көчөсүнөн кийинки бөлүгү.

Ошондой эле Жаңы жылга караган түнү 8 автобус жана 700гө жакын маршрутка иштейт.

Ал эми 1-январдан тарта 74 троллейбус эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт.

Тэги: Жаны Жыл троллейбус

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу