Жапаров: Мамлекетке келтирген зыянды өз ыктыяры менен келип, төлөгөндөр бар

28.10.2020, 08:20 Акчабар
Жапаров: Мамлекетке келтирген зыянды өз ыктыяры менен келип, төлөгөндөр бар

Мамлекетке келтирген зыянды өз ыктыяры менен келип төлөгөндөр бар. Бул тууралуу  президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Коомдук каналга берген маегинде расмий түрдө өлкөдө жарыяланган экономикалык амнистия жөнүндө айтып жатып билдирди.

Анын айтуусуна караганда, коррупцияга каршы күрөштү түп тамырынан өзгөртүү керек.

«Камоолор, кустуруулар мунун менен эле бүтпөйт. Баарына бир айлык убакыт берилген. Коррупционерлер өздөрү билет. Өз ыктыяры менен келип, мамлекеттик бюджетке келтирген зыянды төлөп жаткандар бар. Мисалы, аларды күч органдары чакырган жок. Мен экономикалык амнистия жарыяланган кийин келип, төгүп жаткандар бар», - дейт ал.

Жапаров жасалып жаткан иштердин баары айдын, жылдын жыйынтыгы менен жарыялана тургандыгын баса белгиледи.

«Жасап жаткан ишке сынчы көп болот экен. Жасап жаткан ишибиз жеке менин же жакындарымдын кызыкчылыгы үчүн эмес, жалпы мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн. Мындан ары да бул багытта иштерди жасай берем. Биздин туура иш алып баргандыгыбызды убакыт далилдейт, убакыт көрсөтөт», - деди өз сөзүндө Садыр Жапаров.

Президенттинин милдетин аткаруучу, премьер-министр телеканалган берген маегинде Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов боюнча да пикирин айтты.

«Матраимовду камап, кармап туруш керек эле деген сөздөр айтылууда. Аны кармап тургандан эмне пайда. Сиздин жана биздин эсебибизден багып жата беребиз. Андан көрө миллиарддарды төксүн. Бул башталышы гана. Тергөө иштери эми башталууда, аягына чыкканда дагы миллиарддар болот. Ошону туура түшүнүү керек», - деди Жапаров.

Тэги: зыян экономикалык амнистия Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу