Жасалма акча сатып жүргөн жаран кармалды

10.02.2020, 15:00 Акчабар
Жасалма акча сатып жүргөн жаран кармалды

Жасалма акча сатып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКдан билдиришкендей, 7-февраль күнү Бишкек шаарында УКМК кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 10 миң 500 (он миң беш жүз) евро жасалма акча сатуу учурунда 27 жаштагы А.С. аттуу КР жараны кармалган.

«Такталган боюнча, А.С. жасалма акчаны «К.Э.П.» ЖЧК акча алмаштыруучу жайынын кассиринин көмөгү менен сатып келген», - деп бидиришти УКМКдан.

Учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

«Бул мыйзамсыз ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Тэги: жасалма акча жаран УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу