Өзбекстанда жасалма акча ташып жүрүшкөн өзбек-кыргыз жарандары кармалды

11.02.2020, 10:50 Акчабар
Өзбекстанда жасалма акча ташып жүрүшкөн өзбек-кыргыз жарандары кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Өзбекстан мамлекетинин Мамлекеттик коопсуздук кызматы (МКК) менен биргеликте өзбек жана кыргыз жарандарынан турган, жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз жүгүрткөн эл аралык кылмыштуу топтун ишине бөгөт койду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

2020-жылдын 3-февралында биргеликте өткөрүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Өзбекстандын Наманган шаарында жасалма (жүз долларлык купюралар) 20 000 АКШ долларын сатуу учурунда кыргыз жараны М.Н. кармалды.

Азыркы убакта КР УКМК Башкы башкармалыгы жасалма акча каражаттарын даярдоого катыштыгы бар адамдарды аныктоо багытында ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүп жатат. 

Тэги: жасалма акча мыйзамсыз жүгүрткөн топ кармалды Өзбекстан УКМК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу