Жасалма акча саткан жаран кармалды

10.03.2020, 10:45 Акчабар
Жасалма акча саткан жаран кармалды

Жасалма акча каражатын саткан адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 6-мартында КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан 15 000 АКШ долларын сатууга аракет кылган 1955-жылы туулган А.М. аттуу КР жараны кармалды.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кармалган адам УКМК Тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда жасалма акчаларды сатууга катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо багытындагы ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Тэги: жасалма акча саткан жаран

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу