Коммерциялык банктар аймактарда жакшы иштебей жатат-деди Жээнбеков

28.02.2019, 10:42 Акчабар
Коммерциялык банктар аймактарда жакшы иштебей жатат-деди Жээнбеков

Кыргызстандын Президенти  Сооронбай Жээнбеков  коммерциялык  банктарды аймактагы ишкелерди колдоого чакырды.  Бул тууралуу аймакты өнүктүрүү улуттук диалог маалында билдирди.  

«Улуттук банк  аймактардагы долбоорлорду колдоого коммерциялык банктарга сунуш киригизиши керек» — деп билдирди өлкө башчысы.

Анын  айтымында санариптик технологиялардын өнүктүрүү үчүн насялар элге жеткиликтүү болуп, эч кандай бюрократиялык тоскоолуктарсыз, кыска убакытта берилиши керек. 

Жээнбеков мындан тышкары «Айыл Банк», «РСК Банк», Кепилдик фонду, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду аймактагы ишкерлерге жардам көрсөтүп жаткан маалда, коммерциялык башка банктар дагы четте карап турбай, салым кошушу керек   деп кошумчалады.  

«Аймактарда коммерциялык банктардын ишмердиги согун. Мамлекет аймактарга көңүл  буруп жатканда,  коммерциялык банктар бирден ири долбоорду колдоосо, анда ишканалардын саны өсмөк. Сиздер  Улуттук банк менен биргеликте мыйзамдардын алкагында  иштейсиздер деген ишеничтемин» — деп билдирди президент.

Тэги: Сооронбай Жээнбеков банки регионы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу