Жээнбеков: Чек ара кызматы Мекенибиздин бекем калканы болуп келүүдө

28.05.2020, 10:25 Акчабар
Жээнбеков: Чек ара кызматы Мекенибиздин бекем калканы болуп келүүдө

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда чек арачыларды кесиптик майрамы — Чек арачылар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

 

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

«Урматтуу чек арачылар!

Кымбаттуу ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Чек арачылар күнү менен куттуктайм!

Өлкөбүздүн сырткы чегин ишенимдүү кайтарып, чек арабыздын коопсуздугун камсыз кылуу менен сиздер элибиздин урматтоосуна ээ болуп жатасыздар.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында чек арачыларыбыз көптөгөн эрдиктерди жана каармандыктарды көрсөткөн.

Жергебиздин кол тийбестигине жана калкыбыздын коопсуздугуна кепил болуп, Чек ара кызматы Мекенибиздин бекем калканы болуп келүүдө.

Чек арачылар патриоттуулукка, ар намыска, берген антка негизделген ардагерлердин мыкты салттарын сактап, улантат деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бекем кайрат, ийгиликтүү кызмат өтөөнү каалайм!»

Тэги: президент Сооронбай Жээнбеков чек ара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу