Быйыл Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка 3 мектеп курулат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына таянуу менен, «Кабар» басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка жалпы 15 мектеп куруу пландалууда. Долбоордун жалпы суммасы 1 млрд 199 млн сомду түзөт. Тендердик баасы - 851,9 млн сом. Бардык объекттердин долбоордук-сметалык документтери даярдалып, курулуш-монтаж иштерине сынактар өткөрүлгөн. 15 мектепте тең курулуш иштери башталган. 2019-жылы курулуш иштерине 285 млн сом бөлүнгөн.
Быйыл 3 мектептин курулушна 110,9 млн сом каралып, ал каражаттын 109,4 млн сому бөлүнүп берилген.
Жыл аягына чейин 3 мектептин курулуш иштерин аяктоо пландалууда:
- Бишкек шаарындагы №12 гимназиянын кошумча имараты;
- Чүй облусундагы Сокулук районунун Орок айылындагы мектеп;
- Ош шаарындагы Нариман атындагы №7 мектептин кошумча имараты.
Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражатка Чүй облусунда 2 миң 700 орунга эсептелген 7 мектеп жана кошумча имарат, Бишкек шаарында 1 миң 809 орунга эсептелген 7 мектеп жана кошумча имарат жана Ош шаарында 500 орунга эсептелген 1 кошумча имарат курулмакчы.