Бишкекте баасы 23 млн сомдон ашуун болгон жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

25.03.2021, 14:00 Акчабар
Бишкекте баасы 23 млн сомдон ашуун болгон жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Бишкекте баасы 23 млн сомдон ашуун болгон жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы тарабынан КР жер мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Бишкек шаарынын «Арча-Бешик» жаңы конушунда жайгашкан №93 орто мектебине таандык жер тилкеси жеке турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берилип кеткендиги аныкталып, анын жыйынтыгы менен мыйзам бузууну калыбына келтирүү үчүн жалпы базар баасы 23 млн 334 миң 120 сомду түзгөн 4 жер тилкелери мамлекеттин эсебине кайтарылды.

Алсак, 2005-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары тарабынан КР жер мыйзамдарынын жана КР «Билим берүү жөнүндөгү» Мыйзамынын талаптарын одоно бузуу менен, жогоруда белгиленген жер тилкелери мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен.

Жер тилкелер «Арча-Бешик» жаңы конушунун тургундарынын социалдык жашоосун камсыз кылуу үчүн максаттуу багыты боюнча бала бакча курууга каралгандыктан, КР жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык, жеке турак үй курууга мүмкүн эмес эле.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук прокуратура тарабынан жогоруда аталган жер тилкелерге мыйзамсыз берилген укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерди жокко чыгаруу үчүн сот органдарына тийиштүү доо арыздар келтирилип, соттук кароолордун жыйынтыгы менен алар толук көлөмдө канааттандырылган.

2021-жылдын 24-мартында Ленин райондук прокуратурасынын талабынын негизинде жогоруда аталган 4 жер тилке мэриянын балансына алынды.

Тэги: Бишкек Башкы прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу