2019-жылы жергиликтүү калкка 315.1 миң гектар жайыт жери ижарага берилген

05.03.2020, 12:00 Акчабар
2019-жылы жергиликтүү калкка 315.1 миң гектар жайыт жери ижарага берилген

2019-жылы жергиликтүү калк үчүн токой жана жайыт жерлеринен 315.1 миң гектар ижарага берилген. Бул тууралуу бүгүн, 5-марттагы маалымат жыйында Мамлекеттик курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча агенттигинин жетекчисинин орун басары Надырбек Козубаев билдирди.

Анын айтымында, былтыркы жылы калкка мамлекеттик токой фондунун жерлеринен 356.5 миң гектар ижарага берилген.

Жалпысынан жерлердин ижарасы үчүн 56 млн 373 миң сом төлөнгөн, анын ичинде жайыттардын ижарасы үчүн 14 млн 815 миң сом төлөнгөн.

Былтыр малды өзү билемдик менен кайтарган 25 учур катталган. Факт жүзүндө бузуулар үчүн түзүлгөн актылардын суммасы 185 миң 700 сомду түзүлгөн. Ошондой эле 41 миң 206.5 чарчы метр жердеги түшүмдүү топурагын алуу боюнча 27 учур катталган. Материалдык чыгым 1 млн 122 миң 982 сом түзгөн.

Тэги: жайыт жерлеринин ижарасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу