«Жерүй» кенинде экологияга өзгөчө көңүл бурулат

06.07.2019, 15:55 Акчабар
«Жерүй» кенинде экологияга өзгөчө көңүл бурулат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Жерүй» кениндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусуна жумуш сапарынын алкагында «Жерүй» кенине барды.

«Альянс Алтын» компаниясынын башкы директору Михаил Шубин Өкмөт башчыга кенде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады.

Анын маалыматында, бүгүнкү күнү алтын чыгаруучу фабриканын курулушунун жалпы көлөмүнүн 50% аяктаган. Комбинатты үстүбүздөгү жылдын октябрында ишке киргизүү пландалууда.

Михаил Шубин бул долбоорго салынган инвестициялар тууралуу билдирип, кенде 1 миңден ашык жумуш орду түзүлүп, 90% иш орундары Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн берилерин белгиледи.

Премьер-министр курулуп жаткан объекттер, анын ичинде алтын чыгаруучу фабриканын башкы корпусун жана калдыктарды сактоо жайды көрүп чыкты.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди эске алганда мындай ири инвестициялык долбоор өзгөчө маанилүү.

Премьер-министр компания мамлекеттин алдындагы милдеттерин толук көлөмдө аткарып жана кендеги бардык курулуш иштерин өз убагында аяктоону камсыз кылып жатканын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев ишкананын жамааты менен маектешип, компетенттүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине аткарылып жаткан иштердин жогорку сапатын камсыз кылуу максатындам«Альянс-Алтын»  компаниясына аракеттешүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Өкмөт башчы бардык экологиялык жана техникалык талаптарды аткарууга көзөмөлдү камсыз кылуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу