Февраль айында Жогорку Кеңештин чыгымдары 41 млн 485.7 сомду же 593 миң 925 долларды түзгөн. Ушул эле жылдын январь айына салыштырмалуу чыгымдар 2 млн сомго көбөйгөн.
Ошол эле учурда айлык акы иретинде каралган каражаттардын суммасы 24.43 пайызга же 7.4 млн сомго кыскарып, 22.9 млн сомду түзгөн.
Жогорку Кеңештин 2020-жылдын февраль айындагы чыгымдары | (миң сом) |
Мүчөлүк акы/ социалдык төгүмдөр | 4 623.3 |
Товарларды жана кызматтарды колдонууу | 11 431.1 |
Товарларды жана кызматтарды сатып алуу | 556.9 |
Коммуналдык кызматар | 1 856.0 |
Социалдык камсыздоо боюнча пособие | 17.3 |
Калкка социалдык жардам боюнча пособие | 19.0 |
2019-жылдын декабрь айына салыштырмалуу, парламенттин чыгымдары дээрлик үч эсеге кыскарган.