Кыргызстанда эки жылдан кийин мунай иштетүүчү завод ачылат

23.01.2023, 13:03 Акчабар
Кыргызстанда эки жылдан кийин мунай иштетүүчү завод ачылат

Жалал-Абадда 2025-жылга чейин нефтини кайра иштетүүчү завод курулуп, ишке берилет. Бул тууралуу "Кыргызнефтегаз" ишканасынын башкармалыгынын башчысы Нургазы Нишанов билдирди.

Ал белгилегендей, завод бардык талаптарга жооп берет жана жылына 500 миң тонна мунай иштетүүгө жөндөмдүү болот. Учурда техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыгууда.

Мындан тышкары, Нургазы Нишанов ишкананын жакынкы 5 жылда ишке ашырыла турган инвестициялык долбоору тууралуу маалымат берди.

"Долбоордун алкагында жылына 40 скважинадан 200 жаңы эксплуатациялык скважинаны бургулоо пландалууда. Ишти 5 жылдын ичинде бүтүрүү милдети коюлган", - дейт "Кыргызнефтегаз" ААК башкармалыгынын жетекчиси Нургазы Нишанов.

Тэги: новости Кыргызстана Кыргызнефтегаз НПЗ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу