К. Бокоев «Ала-Тоо Финанс» ишканасына бөлүнгөн каражаттар кайда кеткендигине кызыкты

03.03.2020, 10:30 Акчабар
К. Бокоев «Ала-Тоо Финанс» ишканасына бөлүнгөн каражаттар кайда кеткендигине кызыкты

2013-жылы айыл-чарбаны каржылоо долбоору башталганда өкмөт каражат таап, «Ало-Тоо Финанс» ишканасын ачып, колунда жок үй-бүлөлөргө насыя берүү үчүн айыл өкмөттөргө 50 миң сомдон бере баштаган. Бул тууралуу 2-марттагы Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы бюнча комитетинин отурумунда «Республика-Ата-Журт» фракциясынын депутаты Кенжбек Бокоев билдирди.

Андан соң ишкана жоюлгандыгын билдирип, эл өкүлү айыл өкмөттөрүнө берилген каражаттар кайда кеткендигин жана кандай иштетилип жаткандыгын сурады.

Аталган долбоор Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аркылуу реализацияланып, «Ала-Тоо Финанс» ишканасы негизделип, бирок ал натыйжалуу эмес болгондуктан банкрот болгондугун Каржы министринин орун басары Улугбек Кармышаков билдирди.

Буга Кенжебек Бокоев макул болбой, ал банкрот болбостон, долбоор саясий себептерден улам токтотулгандыгын айтты.

Профилдик ведомство депутатка маалымат берүүнү суранды.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу