Министрлер кабинети «шайлоо комиссияларынын атайын каражаттары» деген түшүнүктү жойгусу келет

09.06.2022, 15:42 Акчабар
Министрлер кабинети «шайлоо комиссияларынын атайын каражаттары» деген түшүнүктү жойгусу келет

Жогорку Кеңештин 9-июндагы жыйынында депутаттар “Президентти жана парламенттин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын долбоорун экинчи окууда карашты, Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер кабинети.

"Мыйзам долбоорунда Бюджеттик кодекстин ченемдерине карама-каршы келген "шайлоо комиссияларынын атайын каражаттары" түшүнүгүн алып салуу каралган. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесине ылайык шайлоо күрөөсүн атайын эсепке топтоо мүмкүн эмес. Мыйзам долбоорунда “атайын” деген сөз “депозиттик” деген сөзгө алмаштырылат” деп айтылат парламенттин маалыматында.

Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Тэги: Жогорку Кенеш ЦИК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу