Марипов Баткендеги үйлөрдү калыбына келтирүү иштери кечеңдеп жатканына нааразы болду

01.10.2021, 14:20 Акчабар
Марипов Баткендеги үйлөрдү калыбына келтирүү иштери кечеңдеп жатканына нааразы болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек МариповТажикстан менен чек арадагы жаңжал учурунда талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүнү кечеңдеткени үчүн Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алды. 

Маалым болгондой, бүгүн өкмөт үйүндө Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаев жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери Баткен облусундагы учурдагы абал жана аткарылган иштер тууралуу отчет берди. 

"Күз ортолоп калды, жакынкы күндөрдө суук түшүшү күтүлүүдө, бирок мамлекеттик жана жеке менчикти толук калыбына келтирүү иштери аягына чыга элек. Каражат толугу менен бөлүнүп берилген, бардык курулуш иштерин бүткөрүү үчүн максималдуу күч жумшалышы керек",- деди Улукбек Марипов.

Марипов ошондой эле Экономика жана финансы министрлигине мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле жеке жана эл аралык уюмдар жана кызыкдар жарандар аркылуу бөлүнгөн каражаттар жөнүндө коомчулукка толук маалымат берүүнү тапшырды.

Тэги: Баткен

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу