Минкаб кайра жаралуучу энергия үчүн атайын жабдууларды кошумча нарк салыгынан бошотту

11.10.2021, 11:54 Акчабар
Минкаб кайра жаралуучу энергия үчүн атайын жабдууларды кошумча нарк салыгынан бошотту

Кыргызстандын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмеги бекитилди. Тийиштүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Маалыматка ылайык, тизмекте көрсөтүлгөн энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануунун негизинде энергетикалык орнотмолорду куруу үчүн арналган адистештирилген товарлар жана жабдуулар Кыргызстандын аймагына импорттоодо энергетика, алардын максаттуу багыты чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан ырасталган шартта КНС төлөөдөн бошотулат.

Тизме энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана ивестицияларды тартуу максатында бекитилген.

Тэги: ВИЭ энергетика Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу