Инвестиция бизнес-долбоор, инфраструктуралык долбоорлор жана өнүктүрүү программасы алкагында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгында комиссия Ысык-Көл, Нарын облустарынан жана Ош шаарынан келген 7 долбоорду каржылоо үчүн тандап алды. Документтер менен толук таанышып чыккан соң Каржы министрлиги стартап үчүн акча бөлөт. Бул тууралуу 31-октябрда комиссиянын жыйынында билинди.
Комиссия тарабынан 18 долбоор каралды. Дагы 7 долбоор аягына чейин иштелип чыккан соң, өкмөт тарабынан каржыланышы мүмкүн.
Сынак мүчөлөрүнүн кийинки жыйыны, келээрки жумада өтөт. Анда 100гө жакын ар кайсы облустардан келген долбоорлор каралат.
Маалымат үчүн: Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы делген жараяндын негизинде КР Өкмөтүнөн 2 млрд сом каражат, бизнести колдоо үчүн бөлүнгөн.