Премьер-министр товарларды маркалоо жобосун бекитти

17.09.2019, 12:30 Акчабар
Премьер-министр товарларды маркалоо жобосун бекитти

КР товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө Жобо бекитилди. Тиешелүү токтомго Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 29-мартында Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирген. Ага биримдиктин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан 2018-жылдын 2-февралында кол коюлган.

Келишимдин негизги милдети – Биримдиктин бүтүндөй аймагында машина окуучу жана өз ара окулуучу белгилер менен товарларды маркалоо процессин унификациялоо болуп саналат.

«Санариптик маркалоо маркаланган товарды баштант аяк көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Мындай механизм бизнеске белгилүү бир артыкчылыктарды берет. Анын ичинде документ жүгүртүүнү оптимизациялоодон, бизнес жана мамлекеттин өз ара аракеттешүү процесстерин тездетүүдөн тышкары ал ак ниет ишкерлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып жана рыноктун карасанатай субъекттери менен келишимдерди түзүү тобокелдигин азайтат», – деп эсептейт Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина.

Жалпысынан маркалоо тутумун киргизүү товарлар агымын санариптештирүүгө жана көзөмөлдөө тутумун түзүүгө өбөлгө бермекчи.

 

Тэги: ЕЭАС ЕЭК маркировка

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу