Кыргыз бийлигине климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук саясатты иштеп чыгуу сунушталды

06.07.2021, 15:30 Акчабар
Кыргыз бийлигине климаттын өзгөрүшү боюнча улуттук саясатты иштеп чыгуу сунушталды

Кыргызстандын жетекчилиги климаттын өзгөрүшү боюнча маселеде саясий эрк көрсөтүшү абзел. Мындай билдирүү менен 5-июлда "Кыргызстандын Жашыл альянсы" 1-12 -ноябрда Глазго шаарында (Улуу Британия) өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясын алдында сөз көтөрүштү.

Эксперттердин айтымында, бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүү маселелерин улуттук саясатка интеграциялоо төмөнкү деңгээлде жүрүп жатат, бул жетекчиликтин жетишсиз көңүл буруу жана саясий эрки менен байланышкан.

"Биз Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин алдында жаңы Мамлекеттик экология жана климат комитетин түзүүнү колдойбуз жана  комплекстүү иш алып баруу, жаңы органдын мекемелер аралык көзөмөл жүргүзүүсү экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө климаттын өзгөрүүсү мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде оң натыйжасын берет деп эсептейбиз. Жашыл экономика жана климаттын өзгөрүшү боюнча Улуттук координациялык кеңештин ишин жандандыруу зарылдыгына көңүл бурабыз, ал климаттык көйгөйлөрдү чечүүдө жогорку саясий эркти жүзөгө ашыруунун эффективдүү механизми болушу керек ”, - деп айтылат кайрылуунун текстинде.

Жогоруда баяндалгандарга таяна турган болсок Министрлер кабинети климаттын өзгөрүшү боюнча Париж макулдашуусундагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн Климаттын өзгөрүшүнүн улуттук саясатын иштеп чыгышы керек, ага башка пландар менен катар парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча зарыл иш-аракеттер УДАС кирет, климаттын өзгөрүшүн алдын алууга улуттук салым кошуу болуп саналат.

Ошондой эле, Кыргызстандын климаттык саясатынын алдыңкы сабында адамдардын жашоо сапаты жана туруктуу керектөө жана өндүрүш принциптери коюлушу керек (жаштардын, аялдардын, айылдык үй бүлөлөрдүн, аялуу жамааттардын жана башка социалдык топтордун кызыкчылыктарын эске алуу менен) деп белгиленди билдирүүдө.

 

Тэги: изменение климата кабмин Зеленый Альянс Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу