Таластын мурдагы губернатору коммерциялык банкка кызматка келди

18.05.2021, 09:05 Акчабар
Таластын мурдагы губернатору коммерциялык банкка кызматка келди

Кыргызстандын Улуттук банкы беш банктын кызмат ордуна талапкерлерди бир эле убакта жактырды. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Улуттук банк "Демир Кыргыз Эл аралык Банк" ЖАКтын директорлор кеңешинин мүчөсү жана аудит комиссиясынын төрайымы кызматына Лада Орозбаеваны, «РСК Банк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө Айбек Бузурманкуловдун талапкерлигин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алды. Ал эми Эркинбек Жумабаев «Бай-Түшүм Банк» ААКтын тобокелдиктерди башкаруу жана комплаенс-көзөмөлдөө комитетинин төрагасы кызмат ордуна жана директорлор кеңешинин көзкарандысыз мүчөлүгүнө жактырылды. 

Мындан тышкары, Улуттук банк башкармасынын чечими менен Гүлнар Пазылова «Оптима Банктын» директорлор кеңешинин көзкарандысыз мүчөсү жана тобокелдиктерди башкаруу комитетинин төрайымы, Рая Молдокулов болсо «Евразиялык сактык банкындагы» башкы эсепчининорун басары кызматын ээлейт.

 

 

Тэги: Нацбанк КР комбанки кадровые изменения

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу