Кагаз түрүндөгү патент жоюлду — Салык кызматы

31.01.2023, 12:32 Акчабар
Кагаз түрүндөгү патент жоюлду — Салык кызматы

Ушул жылдын январынан тартып экономикалык иш жүргүзүүдө жарандар патентти электрондук түрдө гана алышат. Ал эми кагаз түрүндөгү патент жоюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, патенттин негизинде иштеген жеке жактар жана жеке ишкерлер электрондук патентти алуу жана узартуу үчүн салык органдарына баруунун кажети жок. Salyk.kg сайтындагы "жеке кабинетке" кирүү жетиштүү. 

“"Жеке кабинет" аркылуу онлайн режиминде патент алуу жана анын колдонулушун узартуу менен гана чектелбестен, башка салык кызматтарынан да пайдаланууга болот. Банктар, терминалдар же мобилдик капчыктар аркылуу электрондук патент үчүн төлөм жүргүзүүдө “Электрондук патентти” тандап, E-патент системасы тарабынан түзүлгөн төлөм кодун киргизүү керек. Ал эми патент үчүн ИCН боюнча эмес, төлөм коду боюнча төлөө керек”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, салык төлөөчү электрондук патентти үчүнчү жактардын санариптик платформалары (коммерциялык банктар, мобилдик байланыш операторлору ж.б.) аркылуу төлөөгө болот. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу