Кыргызстанда эттин баасы жыл ичинде кандай өзгөрдү?

18.08.2022, 14:07 Акчабар
Кыргызстанда эттин баасы жыл ичинде кандай өзгөрдү?

Кыргызстанда эттин баасы кымбаттоодо. Мындай тыянактарды Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянып чыгарууга болот.

Алсак, өткөн жылдын август айынан бери уй этинин баасы 8%га кымбаттап, 1 килограммы 479 сомдон 521 сомго чейин көтөрүлдү.

Кой этинин баасы 8,9%га кымбаттады. 2021-жылдын август айында анын бир килограммы 492 сом болсо, бүгүнкү күндө 536 сомго бааланууда.

Жылкы эти да кымбаттады. Килограммы 400 сомдон 464 сомго чейин же дароо 16 пайызга.

Ошол эле учурда жыл ичинде эттин эң төмөнкү баасы ушул жылдын февраль айында катталган. Анда уй эти 473 сом, кой 466 сом болчу. Ал эми жылкынын эти өткөн жылдын август айында гана 400 сом болгон.

Тэги: мясо цены на мясо Кыргызстан Нацстатком

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу