Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы соода жүгүртүү кайсы деңгээлде?

07.06.2022, 09:12 Акчабар
Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы соода жүгүртүү кайсы деңгээлде?

Быйылкы жылдын январь-март айларында Кыргызстан менен Ооганстандын ортосундагы товар жүгүртүү 777 миллион 559,6 миң сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди. “Акчабар” эки өлкөнүн импортун жана экспортун изилдеп көрдү.

Ооганстан - Кыргызстан импортко караганда көп товар экспорттогон саналуу өлкөлөрдүн бири. Алсак, үч айдын жыйынтыгы боюнча Ооганстандан импорт 53 миллион 801,5 миң сомду түздү же жалпы соода жүгүртүүнүн 6,9%ын түздү.

Эң чоң жеткирүүлөр алюминий жана андан жасалган буюмдар (34 млн 359,6 миң сомго), жашылчалар жана мөмө-жемиштер (8 млн 214,2 миң сомго) болгон. Ошондой эле быйыл Ооганстандан Кыргызстанга колдонулган резина (862 миң сомго) жана кийимдер (68,3 миң сомго) жеткирилген.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Ооганстанга экспорту 723 миллион 758 миң сомго бааланган. Муну менен Кыргызстандын жеткирүүлөрүнүн 98,9% дан буурчак (715 млн 948,4 миң сом) болгон. Калган экспорт жер семирткичтерге (3 млн 731 миң сомго), желим буюмдарга (1 млн 533,3 миң сомго) жана мөмө-жемиштерге (1 млн 526,4 миң сомго) бөлүштүрүлгөн.

Ошондой эле бир миллион сомго чейинки суммада кара металлдан жасалган буюмдарды, аспаптарды, казандарды, реакторлорду, подшипниктерди жана башка турмуш-тиричиликте колдонулуучу металл буюмдарын берүү жүргүзүлдү.

Тэги: Афганистан Кыргызстан товарооборот импорт-экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу