Былтыр Улуттук банк комбанктарга бир катар артыкчылыктарды берди

05.05.2023, 11:44 Акчабар
Былтыр Улуттук банк комбанктарга бир катар артыкчылыктарды берди

Өткөн жыл Кыргызстандын банктары үчүн ийгиликтүү болду, алар рекорддук 23,7 миллиард сом таза киреше алышты, ал эми уставдык капиталы бир жылда 7 миллиард сомго көбөйдү.

Негизинен алардын кирешеси алмашуу курсунун өзгөрмөлүүлүгүнөн улам өскөн жана 2022-жылы банктар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан бир катар лицензияларды алышкан, бул аларга кызматтарын жакшыртууга мүмкүндүк берген.

Алсак, 2022-жылы “РСК Банк” менен “Айыл Банк” ислам принциптеринде иштөө укугуна ээ болду.

  • Мбанк накталай эмес формада башка эмитенттердин тазаланган стандарт жана өлчөнгөн куймалары түрүндө баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө уруксат алган.
  • KICB банк менен “Биринчи Микрофинансылык компанияны” бириктирүү жолу менен кайра уюштурууга макулдук алды.
  • “РСК Банк” электрондук акча чыгарууга уруксат алды.

Тэги: новости Кыргызстана лицензия НБ КР банки КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу