Элдеги накталай акчанын көлөмү 174 млн сомдон ашты

23.01.2023, 13:07 Акчабар
Элдеги накталай акчанын көлөмү 174 млн сомдон ашты

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү жүгүртүүдөгү накталай акчанын көлөмү 174 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен болгон республикалык кеңешмеде билдирди.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, ушул жылдын 1-январына карата Кыргызстандын калкынын колунда 176 миллиард 430 миллион сомдон ашык акча болгон. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик 48% аз.

Ошндой эле, 1-январга карата накталай эмес акчанын көлөмү 267 миллиард 292 миллион сомду түздү. Анын 159 миллиард сомдон ашыгы банктарда сом менен, 108 миллиард 212 миллион сому доллар түрүндө сакталып турат.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу