Кара-Сууда баасы 320 млн сомду түзгөн 127 га жер мамлекетке кайтарылды

30.03.2022, 15:20 Акчабар
Кара-Сууда баасы 320 млн сомду түзгөн 127 га жер мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагынын Ачы массивинде 2016-жылы айыл чарба багытындагы 127 га аянтты түзгөн жерлер райондук “Кадастр” ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталды. Бул тууралуу облустук прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүүсүндө белгилүү болгонун Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Аталган факты боюнча учурунда прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, жер тилкесине мыйзамсыз берилген укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар келтирилип, толук канааттандырылган.

Райондук көзөмөл органы тарабынан Шарк айыл өкмөтүнө прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен баасы 320 млн сомду түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Тэги: жер мыйзам Кара-Суу прокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу