Ысык-Көлдүн Каракол шаардык мэриясына жаңы суу ташуучу атайын унаа сатылып алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Техниканын тендердик баасы 4 млн 462 миң 480 сомду түздү.
“Суу ташуучу унаа Каракол шаарынын “Жашылдандыруу чарбасына” берилет. Буга чейин ишканада мындай техниканын жоктугунан бак-дарактарды, гүлдөрдү, газондорду суугарууда көйгөйлөр жаралып келген. Жаңы техниканын алынышы менен бул маселе чечилип, кызматкерлер үчүн бир топ жеңилдиктер түзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.