Омск облусуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан ташылып бара жаткан мөмө-жемиштер киргизилген жок

17.09.2019, 11:23 Акчабар
Омск облусуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандан ташылып бара жаткан мөмө-жемиштер  киргизилген жок

10-16 сентябрь күндөрү Омск облусунун Айыл-чарба көзөмөл башкаруу органдары тарабынан Казакстандан алынып келе жаткан 6 партия  карантин өндүрүмдөгү кооптулуугу жогору болгон (роза, кургатылган жемиштер, жаңгак, таттуу, ачуу калемпир, жүзүм, кара өрүк, айва, анар, алмурут) жалпы салмагы 97,426 тоннага жеткен, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстандан келе жаткан  400 даана товар кармалып,  чек арадан өткөрүлгөн жок. 

 

Аталган комитеттин басма сөз кызматы кабарлагандай, товар Татарстан Республикасына жана Новосибирск, Кемеров, Омск, Красноярск  облустарына жөнөтүлүп жаткан. 

- көрсөтүлгөн фитосанитардык күбөлүктө КР алынып келе жаткан кургак жемиш жана Өзбекстандан алынып келе жаткани  жаңгак жана мөмө-жемиштердин этикеткасында көрсөтүлгөн маалымат дал келген эмес;

- Фитосанитардык күбөлүктө Казакстандан роза ташып келе жаткан автоунаанын номери туура эмес болуп чыккан; 

- Казакстан Республикасынан алынып келе жаткан мөмө-жемиштер (калемпир, кара өрүк, анар, айва ж.б.) атайын шарттагы транспорт каражатына салынган эмес; 

- Кыргызстандан алынып келе жаткан алмурут топтомунда көрсөтүлгөн маалыматтар туура эмес болуп чыккан;  

 Россия Федерациясынын аймагына карантиктик товарлардын импорттоо эрежелерин бузгандыктары үчүн, товар ташуучулар админстративдик жоопкерчиликке тартылышты. 

  Аталган товарлар кайрадан Казакстан Республикасына жөнөтүлдү. 

Тэги: Омск Кыргызстан-Казакстан-Өзбекстан Карантин фитосанитардык күбөлүк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу