Каржы министрлиги июнь айындагы бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берди

15.06.2020, 14:45 Акчабар
Каржы министрлиги июнь айындагы бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берди

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары – Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков июнь айындагы бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берди.

 

Анын айтымында, план боюнча июнь айында бюджетке 9 млрд 257 млн сом киреше түшөрү белгиленген.

«Бүгүнкү күнгө карата 3 млрд 578 млн сом, анын ичинде салык кызматы боюнча 2 млрд 132 млн сом (план − 4 млрд 89 млн сом), бажы кызматы боюнча 863 млн (план − 2 млрд 50 млн сом), салыктык эмес кирешелер боюнча 603 млн сом (план − 2 млрд 681 млн сом) чогултулду. Июнь айында баалуу кагаздарды чыгаруудан 306 млн сом түштү (план − 1 млрд 254 млн сом). Чыгаша бөлүгү тууралуу айтсам, учурда биздин алдыбызда мугалимдердин, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек өргүү акысын, маянасын өз убагында камсыздап берүү, Социалдык фонд, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун трансферттери боюнча милдеттер турат. Бүгүнкү күнү айлык маяна беренеси боюнча 1 млрд 942 сом каржыланды. Социалдык керектөөлөргө чегерүүлөр 196 миң сом түздү, Социалдык фондго трансферттер толук түрдө – 1 млрд 837 млн сом бөлүндү. Калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул өз убагында каржыланууда. Пландалган 862 млн сомдун 733 млн сому берилди», — деди ал.

Тэги: Каржы министрлиги июнь айы бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу