«Каркыра» бекети 1-апрелден тарта иштей баштайт

29.03.2021, 11:00 Акчабар
«Каркыра» бекети 1-апрелден тарта иштей баштайт

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекети 2021-жылдын 1-апрелинен тарта иштей баштайт. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

 

Маалыматка ылайык, «Каркыра» бекети казак тараптын демилгеси менен ачылат. Аталган бекет саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Өткөрүү жайынан жарандар, транспорт каражаттары, жүктөр, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.

Белгилей кетчү нерсе, Казакстандагы эпидемиологиялык абалды жана жүргүзүлгөн карантиндик иш-чараларды эске алуу менен Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин жарандары Казакстанга бараарда казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышуулары шарт.

Эскерте кетсек, «Каркыра» өткөрүү жайында электрондук виза боюнча өткөрүү жүргүзүлбөйт.

Бекет Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы 2003-жылдын 25-декабрындагы «Мамлекеттик чек арадагы өткөрүү жайлары жөнүндө» макулдашуусуна ылайык, «Каркыра» көп тараптуу, автомобилдик бекет болуп саналат. 2020-жылдан баштап «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү жайы жыл бою иштей турган режимге өткөн», - деп айтылат маалыматта.

Тэги: Каркыра бекет кыргыз-казак чек ара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу