«Карыздан кутулткан» кайрымдуулук башталды. Сиз дагы салым салыңыз

11.07.2019, 14:50 gulmira umetalieva
«Карыздан кутулткан» кайрымдуулук башталды. Сиз дагы салым салыңыз

Кыргызстанда карызга баткан адамдарга кол сунган адамдардын тобу пайда болду. Анда «Карыздан кутул»-деген ураандын астында адамдар кайрымдуулук иштерин жасашууда. 

Карыздан кутулткан  фонддун иши тууралуу  Эльмира Кудайбергенова өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыккан. Ал ар бир берилген жардам, айрым адамдарды карыздын сазынан суруп чыгып, үмүттүн шооласын жандандырып жатканын жазып чыккан. 

[news 15773]

бул фонд иштеп баштагандан бери  23 адамдын карызынан кутултуп, жарым миллион сом  жоюлган. Фонддун иши тууралуу билүү үчүн Свобода от долгов. Кыргызстан баракчасына кирсеңиздер болот. Балким, кимдир бирөө дал ушул адамдардын жардамына муктаж болуп жаткандыр. 

 Кечээ Эльмира Кудайбергенова  кубанычтуу кабары менен бөлүштү. 

«Сиздердин жардамыңыздар менен карыздарынан кутулуп, күрөөгө коюлган үй-мүлкү кайтарылууда. Гуля апабыздын карыздарын жоюу боюнча динамика менен бөлүшөбүз. Учурда Гуля апанын жалпы карызы 171 488 сом. Сиздер ЭЛСОМ аркылуу  0555184518 гуля Апа үчүн КЕРЕМЕТТИ жаратабыз деп мейли 500, 1000 салсаңыз дагы, бу үй-бүлө үчүн чоң жардам»-деп кайрылган Эльмира Кудайбердиева. 

Жардамга муктаж болгон Гуля апа 60 жашта. % жылдан бери үйн кредиттке коюлган күрөөдөн чыгара албай жүрөт. Анткени,  карызын кырсыкка кабылган соң, төлөй албай калган. 

Учурда «Карыздан кутул» фондунда 30 меценат чогулган. Фонд үчүн бизнесмендер атайын урналарды өздөрүнө тиешелүү  тамактануу жайларында  үкөк ачып коюшкан. Алар кирешесинин 10%  кайрымдуулукка жумшашат. Уюм насыя берген уюмдар менен келишим түзүп, жылдап карызынан кутулбай жүргөн адамдарга жардам беришет. 

 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу