Кыргызстанда катализатору жок автоунааларды каттоодон өткөрбөө сунушталууда

28.01.2021, 10:20 Акчабар
Кыргызстанда катализатору жок автоунааларды каттоодон өткөрбөө сунушталууда

Кыргызстандын экономика министри автоунааларды каттоо жол-жоболоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. 

 

 

Министрлик бул демилгени өлкөдө катализатору жок унаалардын саны көбөйүп жаткандыгы менен байланыштырды. Бул абанны булганышына дагы алып келет. Мындай кырдаалга каршы күрөшүү үчүн министрлик катализатору жок автоунааларды каттоодон өткөрбөөнү сунуштоодо.

 

Азыр кыргызстандыктар транспорттун техникалык кароосунан ыктыярдуу түрдө өтүшөт, бул коммерциялык ишмердүүлүк үчүн гана милдеттүү. Эгер демилге колдоо тапса, анда техникалык текшерүүдөн милдеттүү түрдө өтүү керек болуп калат. Экономика министрлиги милдеттүү техникалык кароону киргизүү эч кандай терс экономикалык жана социалдык кесепеттерге алып келбейт деп ишендирүүдө.

Тэги: автоунаа Кыргызстан экономика министри

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу