Казак-кыргыз чек арасындагы кырдаал «товардык агымдар үчүн күрөш» деп аталды

05.03.2020, 13:45 Акчабар
Казак-кыргыз чек арасындагы кырдаал «товардык агымдар үчүн күрөш» деп аталды

2019-жылдын аралыгында  Кыргызстан Казакстан тарабынан жүргүзүлүп  жаткан көзөмөл-кароо иш-чаралары ЕАЭБдин укуктарына дал келбей тургандыгы тууралуу маселени бир нече жолу көтөрүп келген. Бул тууралуу бүгүн, 5-марттагы ташырмандар менен жолугушууда кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал жөнүндө айтып жатып Экономика министринин орун басары Элдар Алишеров билдирди.

Анын айтымында, мындай чаралар Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстандан ЕАЭБ мамлекеттерине кетип бара жаткан товарларды кыргыз-казак жана казак-орус чек араларындагы жашыруун бажы көзөмөлүнө окшошот.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Евразия Экономикалык Комиссиясынын төрагасы В. Мясниковичтин атына Казакстан менен көзөмөл өткөрүүчү  пунктарында болуп жаткан кырдаал боюнча жаңыланган маалыматты жөнөтүп,  аталган маселени ЕЭКтин Коллегиясында карап, Казакстанга ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 25 жана 28 макалаларын, ошондой эле ЖЕЭКтин 2015-жылдын 8-майында кабыл алынган «Кыргыз-казак чек арасы аркылуу өтүп жаткан товарлардын жана унаалардын үстүнөн бажылык көзөмөл өткөрүүнү жоюу» жөнүндө чечимин сактоону эскертүү сунушун киргизген. Ошондой эле анда Кыргыз Республикасынан чыгып бара жаткан транзиттик жүктөргө карта көзөмөл-кароо иш-чараларын алуу тууралуу айтылган.

 

«2020-жылдын 26-февралында ЕЭКтин Департаменти ЕАЭБдин ички рыногуна тоскоолдук кылуу аракеттери байкалгандыгы тууралуу кортунду чыгарып, Казакстан Республикасынын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер боюнча комитетинин иш-аракеттерин Биримдиктин ички рыногунун иштөөсүнө барьер жаратуу белгилери катары аныктаган. Жакынкы арада  ЕЭКтин коллегиясында Казакстандын Евразиялык экономикалык биримдигинин ички рыногунун иш алып баруусунун алкагында милдеттерин аткаруусу тууралуу маселесин көтөрүп чыгуу күтүлүүдө»,-деди ал.

 

Министрдин орун басары кошумчалагандай, казакстандык бажы кызматкерлери 40 унаа гана өткөрүп, «Карасуу» көзөмөл өткөрүүчү пунктунда 2 күнгө созулган дыкат текшерүү жүргүзүүдө.

 

«Алар ар бир унааны милдеттүү негизде текшерүүдөн өткөрүүдө. Оромдордо баңгизат бар деген шектенүүлөр бар экендигин айтышууда. Алар ошондой эле салык кызматкерлерин күтүшөт, аларсыз кое бере алышпаарын айтышууда. Андан соң ташырмандар документтерин алуу үчүн  «Барыс» базарына барууга аргасыз болууда, аларды ал жерге барууга мажбурлашат. Мурун биз биздин ташырмандар Барыс базарына барууга негиз жок болгондугуна байланыштуу барбай эле коюшун билдиргенбиз, бирок алар казак тараптын талаптарына баш ийүүгө макул болбой калгандан кийин катуу чаралар киргизилген. Биз бул иштин алдында жашыруун мотив бар экендигин түшүнүп жатабыз, бирок алар контрабанда тууралуу гана айтышууда. Эгерде жүк Кыргызстанда чогултулса, ал кармалбайт. Бул товардык агымдар үчүн күрөш»,-деди ал.

Тэги: кыргызско-казахская граница ситу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу